24.kg
10:39, 23 января 2020, 24.kg

Депутат мас абалда жол кырсыгына кабылган судьянын жүрүм-турумуна нааразы

Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия мас абалда жол кырсыгына кабылган судьянын жүрүм-турумун карап чыгышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.

Анын айтымында, мындай жүрүм-турум Фемида өкүлдөрү үчүн туура эмес.

«Мас абалда жол кырсыгына кабылган судья Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы түзгөн протоколду жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылыптыр. Бул ишти кырсыктаган сот айымдын кесиптеши карайт экен. Бул туура эмес. Териштирүүнү башка сотко берүү тууралуу өтүнүч көңүл сыртында калды. Бирок карга карганын көзүн чокубайт», — деди Зиядин Жамалдинов.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова, 30-декабрда мас абалда унаа башкарып бара жатып, башка унааны сүзүп алган. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү жана унаанын техникалык паспорту жок болуп чыккан. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге келгенде, Элмира Сулайманова документтери үйдө калганын айтып, милицияны үйүнө бирге барууга чакырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18