24.kg
09:15, 23 января 2020, 24.kg

Өзбекстан 2019-nCoV вирусуна байланыштуу эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү

Өзбекстан Кытайда жайылып жаткан 2019-nCoV коронавируска байланыштуу чек арадагы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөдөгү аэропорттордо дагы Кытайдан келген жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Алардын өпкөсү сезгенген же башка респиратордук оорусу аныкталгандары ооруканага жаткырылууда.

Кытайда буга чейин белгисиз вирустун пайда болгондугу тууралуу алгачкы маалыматтар өткөн жылы декабрдын аягында айтыла баштаган. 22-январга карата бул вирустан тогуз адам өлүп, дагы 440тан ашыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экендиги кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18