24.kg
15:29, 22 января 2020, 24.kg

Ошто 500 доллар жасалма акча менен чет өлкөлүк жаран кармалды

Ошто жасалма акча таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, коңшу мамлекеттин 30 жаштагы жараны жасалма чет өлкөлүк валютаны сатып өткөрүүгө шектелип колго түштү. Анын жанынан 100 долларлык 5 купюра табылды. Банкнотторду шектүү бут кийимине катып жүргөн.

Экспертиза көрсөткөндөй, купюралар жасалма болуп чыкты.

Чет элдик жаран Оштогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18