24.kg
13:51, 22 января 2020, 24.kg

Балдар ооруканасындагы жаңжалга адилеттүү баа берүү үчүн комиссия түзүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги № 3 балдар клиникалык ооруканасында дарыгер менен бейтаптын ортосунда болгон жаңжалга адилеттүү баа берүү үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, комиссиянын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин, медицина кызматкерлеринин профсоюз өкүлдөрү жана Кыргыз медицина ассоциациясынын өкулдөрү кирди.

«Министрлик медицина кызматкерлерине карата жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерди айыптайт жана жарандардан медициналык кызмат алып жатканда, этикалык, укуктук нормаларды сактоону суранат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18