24.kg
12:15, 22 января 2020, 24.kg

Бишкекте өзүн милиция деп тааныштырган алдамчы кармалды

Бишкекте өзүн милиция деп тааныштырган алдамчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-январда укук коргоо органдарына бир жаран арыз менен кайрылган. Айтымында, өзүн милициямын деп тааныштырган киши эгер бир аял менен жыныстык катнашка барбаса, анда кылмыш жоопкерчилигине тарта турганын айтып коркуткан. Алдамчы милиция андан 60 миң сом талап кылган.

Кечээ Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринен алдамчы 35 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Анын жанынан «Коомдук көзөмөл» коомдук бирикмесинин күбөлүгү жана колго ташып жүрүүчү радиостанция табылды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18