24.kg
11:36, 22 января 2020, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Жактоочу негизсиз жана мыйзамсыз өкүм тууралуу

Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда.  Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков Свердлов райондук соту негизсиз жана мыйзамсыз өкүм чыгарган деп айтты. 

Анын билдирүүсүндө, Осмонбек Артыкбаев пайда жана артыкчылык алган жок. 

«Осмонбек Артыкбаев тараптан кылмыштуу таасирдин эч кандай далили жок. Соттук актыда, айыптоочу корутундуда да анын карьералык өсүшү болгону көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле ал кандай пайда жана артыкчылык тапканы көрсөтүлгөн жок. Буга карабай сот ага карата максималдуу айып төлөө тууралуу өкүм чыгарды», — дейт жактоочу.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди сот 5 миллион сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18