24.kg
10:51, 22 января 2020, 24.kg

Жанар Акаев Жеңиш Разаковдон кечирим сурашын же отставкага кетишин талап кылды

Жанар Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон кечирим сурашын же отставкага кетишин талап кылды. Бул тууралуу депутат парламенттин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, Жеңиш Разаков Ак үйдүн алдына митингге чыккан баткендиктер акча алды деп айткан. 

«Ал ушуну кантип айтты? Эл суукка карабай Баткенден келди, адилеттүү дооматтарды коюшту, аларды угуп коюнун ордуна Разаков алар акча алышты деп айтып жатат. Бул сөздөрү үчүн ал же кечирим сурашы керек же отставкага кетиши керек», — деди Жанар Акаев.

Кечээ Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, борбор калаадагы митинг акчага уюштурулган деп айткан.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин кармалган Көк-Таш айылынын 4 тургуну бир айга камакка алынган. Бишкекте кыргыз-тажик чек арасындагы жанжалга байланыштуу митинг өтүп, ага Баткен облусунун тургундары жана жарандык активисттер катышкан. Нааразычылык акциясында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү талаптары айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18