24.kg
09:29, 22 января 2020, 24.kg

Балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты

Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыкты. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.

«Агрессивдүү аял телефонду жулуп алып, бир канча жолу ичке урду. Дарыгерлерди эмнеге мынча жаман көрүшөт, түк түшүнбөйм? Баланы дарыгерлер толугу менен кароодон өткөрүшкөн. Алар бала ангина болгондо жөтөлө турганын айтып түшүндүрүшкөн,» — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, дарыгерге кол салган мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. 13-январда аталган ооруканада дагы бейтап менен дарыгердин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланып, анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.

 

 

 

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18