24.kg
09:09, 22 января 2020, 24.kg

GeorgiaToday: Орусия Өзбекстанга кысым көрсөтүүдө

Грузияда чыккан англис тилдүү GeorgiaToday гезити 20-январда жарык көргөн санында Орусия Өзбекстанды ЕАЭБге киргизүү максатында бул өлкөгө кысым көрсөтүп жатканын жазды.

Редакциянын атынан жарыяланган материалда Кремлдин 2020-жылдагы негизги максаты Евразия Экономикалык Биримдикти кеңейтүү үчүн Өзбекстандын альянска кошулушуна аракет жасай турганы айтылган.

«Былтыр Ташкенттин ЕАЭБге кошулушу боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрдү. Орусиялык жана чет өлкөлүк ЖМКларда 2020-жылы кабыл алына турган чечим тууралуу көп сөз болду», — деп айтылат материалда.

Гезит стратегиялык жактан ыңгайлуу жерде жайгашкан жана жаратылыш ресурстарына бай Өзбекстан ЖККУ жана ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга кошулбай, Москванын басымына каршы туруштук берип жатканын белгилеген.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18