24.kg
14:30, 21 января 2020, 24.kg

Тажикстанга Ак-Сай жана Самаркандектеги жер аянттарын алмашуу сунушталды

Тажикстанга Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы жер аянттарын алмашуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты. 

Депутат Таабалды Тиллаев өкмөткө жер аянттарын алмашуудан мурда жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды.

«Эл жерди Тажикстанга берет деп тынчсызданууда. Борбордо же чек ара заставасында отуруунун кереги жок. Элге барып жеринен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл. Аксакалдарды кошкула, ал тургай депутаттар дагы бара алабыз», — деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, жерлерди алмашуудан мурун ар бир жашоочу менен кеңешме өткөрүлөт.

«Алмашуу үчүн 2 жер аянты — Ак-Сай менен Самаркандек айылдарындагы жерлер сунушталды. Эгер жергиликтүү тургундар макул болбосо, эч кандай жер алмашуу болбойт. Жолугушууда 18 жаштан жогорку ар бир жашоочу менен сүйлөшүү жүргүзүлөт», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18