24.kg
14:20, 21 января 2020, 24.kg

Чек ара чыры. Депутат кармалган 4 тургунду бошотууну суранды

Депутаттар Көк-Таш айылынын чек ара жаңжалында кармалган тургундарынын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен кайрылууга даяр. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда айтты. 

Ал кармалган тургундарды бошотууну сунуштады.

«Алар өзгөчө кооптуу кылмышкерлер эмес да. Иликтөө жүрө берсин, бирок аларды кое бериш керек. Эгер керек болсо, депутаттар өтүнүч менен кайрылса болот», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин кармалган Көк-Таш айылынын 4 тургуну бир айга камакка алынган. Нурбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаев 11-январда кечкурун кармалышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18