24.kg
13:41, 21 января 2020, 24.kg

Кыргызстан чек арадагы окуя боюнча Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыялады

Кыргызстан чек арадагы окуя боюнча Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыялады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. 

Айтымында, Тажикстандын жарандары чек ара жаңжалындагы чагымчылдыкка шектелүүдө.

«Биз аларга издөө жарыяладык. Алар чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары. Бул тууралуу Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө билдирдик», — деди Мирлан Каниметов.

Анын берген маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары чек арадагы акыркы жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин кармалган Көк-Таш айылынын 4 тургуну бир айга камакка алынган.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18