ӨКМ: Акыркы 20 күн ичинде 159 өрт кырсыгы катталды
Чүй облусуна караштуу Сокулук айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, турак үйдүн 10 чарчы метр морунун айланасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
2020-жылдын 1-январынан 20-январына чейин табигый жана техногендик өзгөчө кырдаал катталган жок. Ал эми аталган убакытта өлкө аймакта 159 өрт кырсыгы катталып, бир адам каза болсо, тилсиз жоодон 10 адамды куткаруучулар сактап калышкан.