24.kg
09:07, 21 января 2020, 24.kg

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн декларациясыз 100 миң долларга чейин чыгарууга уруксат берилди

2020-жылдын 4-февралынан тарта Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн жарандары декларация толтурбастан сыртка 100 миң долларга чейин чыгарып кете алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим былтыр августта Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы тарабынан кабыл алынган.

Учурдагы эрежелерге ылайык, ЕАЭБ аймагынын сыртына декларация толтурбастан 10 миң доллардан ашпаган акча чыгарууга болот. Андан ашык сумма үчүн акчанын булагы жана анын кандай максатта чыгарылып жаткандыгын көрсөтүү зарыл.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18