24.kg
16:14, 20 января 2020, 24.kg

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бир жумага карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багытын өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

25-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

26-27-январь күндөрү туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 26-январда жана 27-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 27-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18