24.kg
14:13, 20 января 2020, 24.kg

Айтматов түрк элчиси менен соттошууда. Женгиз Камил Фырат отурумга келген жок

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Түркиянын Кыргызстандагы элчи Женгиз Камил Фыратка карата доо арызы каралууда.

Маалыматка караганда, доо арыз былтыр 1-ноябрда берилген. Иш боюнча үчүнчү жак катары ТИМ жана «ПроМедиаПлюс» коомдук фонду тартылган.

Чыңгыз Айтматовдун уулу намысын коргоо үчүн жарандык доо арызын берген. Аскар Айтматов түрк элчисинен ФЕТӨ (террордук уюм) уюмуна тийиштиги бар деген айыптоосун жокко чыгарып, эл алдында кечирим суроосун талап кылууда.

Соттон билдиришкендей, 2 жолу отурум болуп, ага элчи келе алган эмес. Кийинки соттук отурум 24-январда болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18