24.kg
11:45, 20 января 2020, 24.kg

Былтыр Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат импорттолгон

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, былтыр Кыргызстанга 972,9 миң тонна мунайзат импорттолгон. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 453,8 миң тонна бензин жана 519,1 миң тонна дизелдик отун алынып келинген. Күйүүчү майды расмий ташып келген башкы жана негизги булак — Орусия.

«Күйүүчү май бажы төлөмдөрүсүз ташылып келингендиктен, колдонуучулар бир топ сумма үнөмдөй алышат. Былтыр бажы төлөмдөрү боюнча үнөмдөө 27,2 миллион долларды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18