24.kg
11:25, 20 января 2020, 24.kg

Сапар Исаковдун жактоочулары Конституциялык палатага кайрылышты

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочулары Конституциялык палатага кайрылышты. Бул тууралуу Замир Жоошев, Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча айыпталгандардын жактоочуларынын аппеляциялык арызы каралып жатканда айтты. 

Юристтин айтымында, айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн узартууга жол бергендик, Жазык-процессуалдык кодекстин негизиги мыйзамына дал келбейт. Тергөө абагында соттун жүйөөсү жок бир жылдан ашуун кармалышы- конституциялык принциптерди бузат. Ал соттон кайрылууну Конституциялык палатага жолдоону жана кылмыш иши боюнча кароону токтотууну суранды.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды. Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электрдик станциялар» ААКнын мурунку башчысы Салайдин Авазов ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18