24.kg
10:07, 20 января 2020, 24.kg

Ош облусунда өзүн милиция деп тааныштырып, акча талап кылган киши кармалды

Ош облусунда өзүн милиция деп тааныштырып, акча талап кылган киши кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каржы полициясына бир киши кайрылып, Ош облусу боюнча ИИМдин кызматкеримин деп тааныштырган жаран андан 1 миң доллар талап кылганын айткан. Болбосо тартип сакчысы кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартам деп коркуткан. 

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Милиция талап кылган акчаны дагы даярдашкан. Бирок акыркы учурда алдамчы кызматкер акчаны колдон алуудан баш тартып, банктагы эсебине которууну талап кылган.

«Арыз ээси акчаны которду. Оштогу соода борборлорунун биринен 69 миң 750 сомду эсептен алган С.Б. колго түштү. Текшерүү маалында ал эч жерде иштебегени, мурда ички иштер органдарынын кызматкери экени аныкталды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти Каржы полициясынан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18