24.kg
09:41, 20 января 2020, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Клара Сооронкулова Башкы прокуратурага кайрылбайт

Конституциялык палатанын мурунку судьясы, Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулованын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, мамлекеттик комиссиянын корутундусу боюнча Башкы прокуратурага кайрылбайт.

Анын айтымында, ал кайрылууну (депутаттар ички иликтөө жүргүзсүн деп талап кылбайт) Жогорку Кеңешке жөнөтпөйт. «Мамлекеттик комиссиянын мамлекеттик орган деген макамы жок болгондуктан, арызды көзөмөл органына берүүдө кыйынчылыктар бар. Бирок бул прецедент», — деди Клара Сооронкулова.

Ал ЖМКга комиссия мүчөлөрү кол койгон корутунду эмес, кийин жасалган варианты жарыяланганын белгиледи.

Эске салсак, Клара Сооронкулованын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун 12-декабрда парламенттин отурумунда окуган корутундусу, жеке өзү кол койгон варинаттан алда канча айырмаланып турат. Анын айтымында, өзү кол койгон корутундуда мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана азыркы депутат Рыскелди Момбеков тууралуу сөз болгон эмес.

Буга чейин комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kg агенттигине бул баардык өкүлдөр тарабынан бекитилген, жактырылган вариант деген.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18