24.kg
09:09, 20 января 2020, 24.kg

«Үмүт 2020» кыймылы президентке кайрылды

«Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жасап, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын белгиледи.

Ал кыймылдын кандайдыр бир саясий амбициясы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөрүн билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун өтүндү.

«Биздин айрым мүчөлөрүбүздү камап, мүлкүбүздү рейдерлик басып алуу аракети жүрүп, бизге карата аңдуу жана чагымчылдык аракеттер жүрүп жатат. Сиз сөз эркиндигин коргоп, уурулар менен күрөшүүнү токтотпой турганыңызды айттыңыз. Бирок өлкөдө абал тескерисинче болуп жатат. Сизден өтүнөрүм, мени «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү катары кабыл алыңыз. Сиз менен өлкөдөгү репрессиялар жана сөз эркиндигине басым тууралуу бетме-бет сүйлөшкүм келет», — деп билдирди Ширин Айтматова.

«Үмүт 2020» кыймылы буга чейин бир катар коррупциялык көрүнүштөр тууралуу өз иликтөөлөрүн жарыялаган. Анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкү жана кирешеси тууралуу иликтөөлөрдү жүргүзүп, «#REакция» митингине активдүү катышкан.

Ошондон бери кыймылдын өкүлдөрү куугунтук жана коркутуулар болуп жатканын айтып келишет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18