24.kg
16:32, 17 января 2020, 24.kg

«Үмүт-2020» кыймылынын активистинин күйөөсүн милиция кармоого аракет кылды

Белгисиз 2 киши «Үмүт-2020» кыймылынын активисттеринин биринин күйөөсүн унаага түртүп салып, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет жасашты. Бул тууралуу соцтармакка Ширин Айтматова жазып чыкты.

Анын айтымында, белгисиз кишилер өздөрүн милиция катары тааныштырышкан, бирок күбөлүктөрүн көрсөтүүдөн баш тартышты.

Ширин Айтматова автивист аялдын жана жолдошунун ысымын атоодон баш тартты. Ал окуя болгон жерде укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын гана айтты.

Эске салсак, «Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18