24.kg
15:32, 17 января 2020, 24.kg

Жерүй кенинде мамлекеттин үлүшү болушу керек. Өкмөткө кайра кайрылуу жолдонду

2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүнѳ укуктук баа берүү керек. Бул талап менен «Жерүй: кѳйгѳйлѳр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек столдун катышуучулары өкмөткө кайрылды.

Кайрылууда президент жана премьер-министрден Жерүй алтын кенинде мамлекетинин үлүшүн милдеттүү түрдѳ болушун камсыз кылуу керектиги айтылат.

«Жерүй алтын кениндеги экология жана коопсуздук маселесин, түзүлгѳн фонддордогу каражаттын сарпталышын, жумушчулардын укуктарын кѳзѳмѳлгѳ алуу зарыл», — деп белгиленет.

Ал эми Жогорку Кеңешке 2015-жылы Жерүй алтын кени боюнча ѳткѳн конкурстун мыйзамдуулугу жана адилеттүүлүгүн текшерүү максатында мамлекеттик комиссия түзүү сунушталат. Бул боюнча Башкы прокуратура атайын териштирүү жүргүзүп, укуктук баа берүү керектиги айтылат.

Белгилей кетсек, буга чейин дагы жарандык активисттер Жерүй алтын кени боюнча өкмөткө кайрылышкан. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18