24.kg
15:23, 17 января 2020, 24.kg

Токмокто мектеп окуучусу 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Токмокто мектеп окуучусу 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, экспертиза дайындалды. Арыз менен жергиликтүү тургун кайрылып, 17 жаштагы балага карата чара көрүүнү суранган.

«Арыз ээсинин айтымында, былтыр мартта анын жашы жете элек кызын Токмоктогу кароосуз калган имараттан зордуктап кеткен. Аял окуя тууралуу быйыл 12-январда гана билген. Шектүү сурак маалында 16 жаштагы кыз менен 2018-жылдын июнунда таанышканын, андан кийин экөө кыз-жигит болуп жүргөнүн айтты. Ал зордуктоо фактысы болбогонун, кыздын макулдугу менен жыныстык катнашка барганын кошумчалады», — деп билдиришти ОИИББдан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18