24.kg
13:30, 17 января 2020, 24.kg

Москвада өз мекенинде алдамчылыкка шектелген кыргызстандык жаран кармалды

Москвада өз мекенинде алдамчылыкка шектелген кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы Г.А. Баткен облусунда калктын төлөгөн коммуналдык кызматтарынын акчасын кымтып алып жүргөн.

«УКМКнын башкармалыгынын тергөө бөлүмү Г.А.га карата кылмыш ишин козгогон. Ал 2011-2015-жылдар аралыгында коммуналдык кызматтын оператору болуп иштеп, коммуналдык кызмат үчүн текшерүүчүлөрдөн акча алып турган. Каражаттын бир бөлүгүн көрсөтмө боюнча төлөп, калганын квитанцияга башка сумманы көрсөтүп менчиктештирип алып жүргөн. Баткендин тургуну бир канча жылдан бери Орусиянын аймагында жашырынып жүргөн. Аны экстрадициялоо тууралуу маселе иштелип чыкты», — деп билдиришти ИИМден.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18