24.kg
13:41, 17 января 2020, 24.kg

Сузак районунда дагы бир аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркады

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда дагы бир аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркады. Маалыматты 24.kg агенттигине аймактык милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 13-январда аймактык ооруканага сабалган аял келип түшкөн. Дарыгерлер бейтап тууралуу милицияга кабар беришкен.

«Жабыркаган аял Ынтымак айылынын тургуну. Анын айтымында, жолдошу сабап салган. Учурда ал амбулатордук дарыланууда. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жабырлануучу экспертизадан өттү, анын жыйынтыгы менен жолдошуна юридикалык баа берилет», — деп билдиришти милициядан. 

2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам каза болушкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада даарыланууда.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7 миң 45 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18