24.kg
11:11, 17 января 2020, 24.kg

Бишкектин баардык театрлары бул жылы Орусияга гастролго чыгышат

Бишкектин баардык театрлары бул жылы Орусияга гастролго чыгышат. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Ал 2020-жыл — Кыргызстанда Орусиянын жана Орусияда Кыргызстандын Кайчылаш жылы деп жарыяланганын эске салды. Айтымында, мындай тажрыйба КМШ өлкөлөрүндө болгон эмес. Бүгүнкү күндө 221 пункттан турган план түзүлдү, анын 70 пайызы — маданий-гуманитардык иш-чаралардан турат.

Кайчылаш жылдын ачылышы февралдын экинчи жарымында Москвадагы чоң театрда өтөт. Ага Кыргызстандан 200дөн ашуун маданият ишмерлери катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18