24.kg
09:09, 17 января 2020, 24.kg

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынды. Бул чектөө окуучулар менен катар мугалимдерге дагы тиешелүү.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өлкөдөгү шаардык жана райондук орто мектептерде ата-энелер чогулушу болуп, балдар сабакка телефон көтөрүп келбеши керектиги эскертилүүдө.

"Чогулушта класс жетекчи айрым окуучулар мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди видеого тартып, Интернетке жарыялап жатышканын билдирди. Буга байланыштуу мектепке заманбап телефондорду алып келүүгө тыюу салынганы айтылып, балдарга сүйлөшүүгө ылайыкташкан жөнөкөй телефондорду сатып берүү сунушталды", — деди чогулуштан чыккан ата-энелердин бири.

14-январда радионун Ашхабаддагы кабарчылары мектепте телефон колдонууга салынган тыюу окуучуларга гана эмес, мугалимдерге дагы тиешелүү экенин билдиришкен.

Былтыр февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери Ашхабаддын мектептеринде рейддерди өткөрүп, окуучулардын телефондору текшерилгени кабарланган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18