24.kg
14:16, 16 января 2020, 24.kg

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча кеңешме жыйынтыкталды

Координациялык кеңешмеде Баткен облус жетекчисинин орун басарлары Кеңеш Салихов менен Чынара Саттаровага чек арадагы чыр-чатак учурунда өз милдеттерин аткарбаганы, жергиликтүү элге өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн катуу сын айтылды. Бул тууралуу «Азаттык»  сайты жазды.

Ошондой эле Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов менен анын орун басарына Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевге түшүндүрүү ишин алып барбаганы үчүн эскертүү берилди. Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев 15-январда Бишкекте Баткендеги чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыккан элге кошулуп нааразылык акциясында жүргөнү айтылды.

Координациялык кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары кармалган төрт киши мыйзам чегинде жооп берерин айтты. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев чек арадагы акыркы окуяларда жергиликтүү бийлик өз милдетин аткарбаганын белгиледи. 

Өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботбаев кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация иштери тууралуу маалымат берип жаткан учурда кеңешмеден журналистер чыгарылды.

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18