24.kg
14:02, 16 января 2020, 24.kg

Франкфурт-на-Майне. Төрага шаардын атын кайрадан туура эмес окуп койду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн парламенттин отурумунда Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын туура айта албай койду.

Ал Кыргызстан менен Европа инвестициялык банк ортосундагы каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун окуп жаткан.

Төрага мурда даярдалган тексттеги шаардын атын туура окуй албай, Франкфурт-на-Маяне деп койду. 

Эске салсак, Дастанбек Жумабеков бул шаардын аталышын биринчи жолу жаңылыш айтып жаткан жок. Былтыр жыл аягында ал кыргыз тилинде Франкфурт жана Маяне шаарлары деп окуп койгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18