24.kg
11:36, 16 января 2020, 24.kg

Ош облусу боюнча калкты электрондук түрдө каттоо иштери башталат

Ош облусу боюнча калкты электрондук түрдө каттоо иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эске салсак, өлкө аймагында калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.

«Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлдеги иш-чара. Президенттин тапшырмасы менен каттоо электрондук түрдө жүрөт. Ал үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат. Улуттук статком бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке ашырмакчы.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18