24.kg
11:25, 16 января 2020, 24.kg

Салык кызматы былтыр белгиленген планды 100 пайызга аткарды

2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 миллиард 989,5 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100 пайызга аткарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 миллиард 405,6 миллион сомго көбөйгөн.

2019-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-болжол ашыгы менен аткарылган. Алсак, алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 пайыз, бирдиктүү салык — 120,5 пайыз, жер салыгы — 111,3 пайыз, кыймылсыз мүлк салыгы — 107,5 пайыз, пайда салыгы — 106,4 пайыз, кыймылдуу мүлк салыгы — 104,4 пайыз, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык — 103,7 пайыз, милдеттүү патенттин негизиндеги салык — 103,3 пайыз, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык — 103,2 пайыз, салыктык эмес келип түшүүлөр — 130,2 пайызга аткарылган.

2020-жылы Салык кызматы 93,7 миллиард сом суммасында салыкты чогултуу планы турат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18