24.kg
11:19, 16 января 2020, 24.kg

Үйү, жумушу жок. Депутат балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына кабатырланды

«Ушу тапта балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыккан көптөгөн балдар көчөдө кароосуз калды, алардын үстүндө үйү жок, же жарытылуу жумушу жок. Мындан аркы тагдыры кандай болот?», — деп Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева кабатырланды.

Депутат 2020-жылды балдарды колдоо жылы катары жарыяланганын жакшы көрүнүш деп атап, бирок өкмөт бул багытта иш жүргүзбөй жатканына токтолду.

«Өкмөт дагы, анын тийиштүү органдар да үн катпайт. Ушу тапта 600 бала мыйзамдуу тарак жайын алуу кезегинде турат. Алышабы же жокпу? Унчупай отура бербей, ошону ачык айтышы керек да», — деп кошумчалады депутат.

Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен дайындуу жоопту жана иштиктүү жумушту талап кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18