24.kg
09:36, 16 января 2020, 24.kg

Акысыз гемодиализ кызматын 23 саламаттык сактоо уюмдарынан пайдаланса болот

Мындан ары акысыз гемодиализ кызматын 23 саламаттык сактоо уюмдарынан пайдаланса болот. Бул тууралуу Милдеттүү камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, келишим 4 мамлекеттик оорукана жана 19 жеке борборлор (Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жана аккредитациясы бар) менен түзүлгөн.

2020-жылдын 1-январынан баштап мамлекет 5-стадиядагы тубаса бөйрөктүн кемтиги менен жабыркаган 1 миң 234 бейтаптын диализ кызматтарын төлөөнү өз колуна алды. Алар гемодиализди төлөмсүз бирдей шарттарда ала алышат. Тактап айтканда мындан кийин бейтаптар бюджеттик жана жеңилдетилген категория деп бөлүнүшпөйт.

Бейтаптар өз алдынча гемодиализ кызматын көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарын менчик формасынан жана аймактык жайгашуусунан көз каранды болбой тандай алышмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18