24.kg
09:14, 16 января 2020, 24.kg

Орусия өкмөтү отставкага кетти. Путин премьер-министрликке талапкерди көрсөттү

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөт башчылыгына Федералдык салык кызматынын төрагасы Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү.

53 жаштагы Михаил Мишустин Федералдык салык кызматын 2010-жылдан бери жетектейт. Буга чейин ал инвестициялык бизнесте жана өкмөттө иштеген.

2014-жылы Forbes журналы анын аялын 160 миллион рубль жылдык кирешеси менен аткаминерлердин эң бай жубайлары рейтингине киргизген.

Мишустин Түнкү хоккей лигасында ойнойт. Спорттун бул түрүнө Орусиянын президенти да кызыгары белгилүү.

Орусия өкмөтү 15-январь күнү кечинде отставкага кеткен. Андан бир нече саат мурун Владимир Путин Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуусун жасап, Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаган. Ал президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана Мамлекеттик кеңешке өткөрүп берүү зарылдыгын айткан.

Орус өкмөтүнүн азыркы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп келген. Ал 2008-2012-жылдары президенттик кызматты аркалаган, анда өкмөттү Путин башкарган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18