24.kg
17:17, 15 января 2020, 24.kg

Кыргызстандын мугалимдери эл аралык сынакта 3 медаль утушту

Математика, физика жана информатика боюнча мугалимдердин жана олимпиадалык резервдин машыктыруучуларынын II Эл аралык IMPACT Olympiad ачык чыгармачылык сынагында кыргызстандык мугалимдер алтын, күмүш жана коло медалга татыктуу болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынак 8-январдан 12-январга чейин Алматы шаарында болуп өттү.

Маалыматка ылайык, төрт мугалимден түзүлгөн Кыргызстандын командасынан экөө байгелүү орундарды алышты. 

Photo 151482

«Бишкектеги Ч.Айтматов лицейинин математика мугалими Азамат Аскаров коло медаль, ушул эле мектептин информатика мугалими Кылычбек Ураимов алтын медаль, Бишкектеги Келечек MIT мектебинин математика мугалими Ишматов Махамадхан күмүш медалды жеңип алышты», — деп айтылат маалыматта.

Сынактын негизги максаты — таланттуу, кесипкөй мугалимдер менен машыктыруучуларды табуу, колдоо жана сыйлоо болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18