24.kg
13:57, 15 января 2020, 24.kg

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 14-январда саат 18:45те милицияга «Асанбай» кичи районундагы «Народный» дүкөнүндө каракчылык менен кол салуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Белгисиз киши кара беткап кийип, колуна белгисиз ок атуучу курал кармап алып дүкөнгө кирип шыпка ок чыгарган. Ал кассадан 30 миң сом алып качып кеткен», — деп билдиришти ШИИББдан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү катары 24 жаштагы Э.И. кармалып, далил катары бир нече буюм табылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18