24.kg
12:23, 15 января 2020, 24.kg

Асрандиев: Ишкерликти каржылоо көлөмү 105 миллион долларга чейин жеткирилет

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2020-жылы ишкерликти каржылоонун көлөмүн 105 миллион долларга чейин жеткирүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган фонддун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Ал анын ичинен 15 миллион доллары «РСК Банк» ААКна орто ишкерликти каржылоо үчүн узак мөөнөттүү насыя катары берилерин белгиледи.

«Жалпысынан бизнес-чөйрөдө активдүүлүк тенденциясы байкалууда. Түзүлгөндөн бери фонддун колдоосусунун жалпы көлөмү 379 миллион долларга жетти. Алардын ичинен каражаттын үчтөн эки бөлүгү артыкчылыктуу багыттарга — агроөнөржай комплексине, өндүрүш тармагына жана туризмге багытталууда», — деди Эркин Асрандиев.

Ал 2019-жылы Баткен, Талас жана Нарын облустарында үстүбүздөгү жылы бүтүрүлө турчу стартап-каржылоо боюнча атайын долбоорлор ишке киришкенин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18