24.kg
11:38, 15 января 2020, 24.kg

Бишкектеги митингде чек арадагы чагымчылдыкка Тажикстандын бийлигин айыпташты

Чек арадагы башкы чагымчылдар — Тажикстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү. Бул тууралуу Баткендиктерди колдоо митингинде Катран айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги Тажикстандын чагымчылдыгына моюн берип, ар биринде макул болуп берет. 

Photo 151396

«Тажикстандын бийлиги ар дайым чагымчылдык кылат. Биздикилер болсо жергиликтүү тургундарга бөгөт коюу менен алек. Мындан тышкары коңшулар «жөргөлөгөн миграцияны» уюштурууда. Коңшуларга айтаар кебим бар: жарандык согуш маалында кыргыздар сиздерге колдоо көрсөтүшкөн, аны унутпагыла. Чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүү- биздин кызыкчылыкта», — дейт ал. 

Эске салсак, 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Кара-Бак айылынын тургуну М.С.га таандык болгон «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкалап салышкан.

Буга чейин кыргыз өкмөтү кырдаал тынчыганын, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат деп маалымат тараткан. Тажикстандын УКМКсы дагы чек арадагы жаңжал тууралуу өз версиясын айткан.

Тажик тарапка Кыргызстандын ТИМи кезектеги нааразычылык нотасын тапшырган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18