24.kg
10:08, 15 января 2020, 24.kg

№ 3 балдар клиникалык ооруканасынын айрым дарыгерлери ишке чыкпайбыз дешүүдө

Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасынын бейтаптарды кабыл алган айрым дарыгерлери ишке чыкпай коебуз деп коркутушууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине медициналык мекемеден жеке булак билдирди.

Маалыматка караганда, буга себеп жакында эле баласын көрсөткөнү келген жарандын дооматынан кийин дарыгердин иштен кетүүсү болду.

Буга байланыштуу медиктер көтөрүлүш уюштурууну пландап жатышат.

Эске салсак, ооруканадагы окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланды. Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылганы көрүнүп турат.

 

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18