24.kg
09:55, 15 января 2020, 24.kg

Денесинде көк ала тактар бар. Ак-Сууда 11 айлык наристе чарчап калды

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 11 айлык наристе чарчап калды. Укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине РИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ымыркай кыз оор абалда келип түшкөн. Дарыгерлердин билдирүүсүндө, кыздын баш мээси шишип кеткен. Ошондой эле ал аз кандуулук менен жабыркаганы айтылууда. Дарыгерлер колдон келишинче кыздын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок ал чарчап калды.

«Наристе ооруканага келгенде эле денесинде көк ала тактар бар экен. Мындан улам медиктер милицияга кабар беришкен. Алдын ала маалыматка ылайык, 11 айлык кыз туугандарынын колунда өсүп жаткан. Анын өз энеси Түркияга иштеп келем деп кеткен, ал эми атасы каза болуп калган», — деп билдиришти РИИБдан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18