24.kg
09:28, 15 января 2020, 24.kg

Сургутта баңгизатын сатууга аракет кылган кыргызстандык 20 жылга кесилиши мүмкүн

Кыргызстандык жаран Сургутта баңгизатын сатууга аракет кылгандыгы үчүн 20 жылга кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы кыргызстандык 2019-жылдын ноябрында жашыруун жол менен синтетикалык баңгизатын алып, андан ары Сургутта сатып жиберүүнү көздөгөн. Полиция мыйзамсыз жүгүртүлгөн 200 граммга жакын баңгизатын таап чыгышты.

Шектүү камакка алынды. Ал 20 жылга эркинен ажыратылып, миллион рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18