24.kg
16:44, 14 января 2020, 24.kg

Батукаевдин иши. Айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасы узартылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткандардын баш коргоо чарасы узартылды. Бул тууралуу жактоочусу Алия Турумбекова билдирди. 

Анын айтымында, мындай чечим соттун көчмө отурумунда кабыл алынды. Ошондой эле кылмыш ишин кароо мөөнөтү дагы узартылды.

«Соттук отурумдун жүрүшүндө мен Данияр Келдибаевге каршы чыккам. Ал мен коргоп жаткан Индира Жолдубаевага шектелип жаткандыгы тууралуу билдирме берген. Анын катышуусунда иш адилетсиз болуп калат деп эсептейм. Бирок судья Эмил Каипов менин өтүнүчүмдү четке кагып, аны негизсиз деп атады. Отурум менин ден соолугума байланыштуу 16-январга жылдырылды», — деди Алия Турумбекова.

Кылмыш ишине катыштыгы бар жарандардын баш коргоо чарасы 15-мартка чейин узартылды.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18