Иранда «Боинг» учагынын атып түшүрүлүшүнө катышы бар бир нече киши кармалды
Иран бийлиги атып түшүрүлгөн «Боинг» иши боюнча бир нече кишини кармады. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Сот бийлигинин басма сөз катчысы Гхоламхоссейн Эсмаилиге таянуу менен билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын баарынын трагедияга катышы болгон. Ал канча киши кармалганын так айткан жок.
Анын алдында Иран президенти Хасан Роухани телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасап, 176 кишинин өмүрүн алган «Боинг» учагынын кыйрашына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берген. Буга чейин иран аскерлери «Украина эл аралык аба жолдоруна» таандык учакты кокустан атып алганын мойнуна алышкан.