24.kg
15:47, 14 января 2020, 24.kg

Жогорку Кеңеште кайрадан терс маанидеги жаңылыктарга тыюу салуу сунушталды

Өлкөнүн туристтик аброюн коргоо максатында терс маанидеги маалыматтарга көзөмөл кылып, алардын жарыяланышына бөгөт коюу боюнча Дубайдын жакшы тажрыйбасы бар. Муну өкмөт өз ишинде колдонуу чараларын көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде Аба кодексинин аткарылышы жаатында маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Ооба, бизде демократия бар, бирок, ар кандай маалыматтарды ылгабай жарыялай берип, анын чегинен чыгып да кеттик окшойт. Ал тургай, КТРК деле маалыматтын жаман-жакшысын ылгайбай калды. Өкмөт муну колго алып, өлкөнүн туристтик аброюна шек келтирген маалыматтардын жарыяланышын жөнгө салуу чараларын иштеп чыгышы зарыл. Ансыз туризмди өз деңгээлинде өнүктүрүү кыйын», — деди депутат.

Эске салсак, буга чейин депутат Акылбек Жапаров дагы терс маанидеги жаңылыктарды жазуудан баш тартууга чакырган. Ал айткандарына негативдүү кабарлар туристтерди качырат деп түшүндүрмө берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18