24.kg
14:15, 14 января 2020, 24.kg

Өкмөт башчы: 2020-жыл туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек

Жаңырган 2020-жыл мамлекеттик органдар үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.  

Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жыл жеңил эмес жана өтө маанилүү жыл болду.

«2019-жыл туруктуулуктун жана коомду бекемдөөнүн жылы болду. Биз үчүн башкы артыкчылык — жарандардын жашоосун жакшыртуу, бюджетти көбөйтүү, ошондой эле социалдык маселелерди өз убагында чечүү. Бул багытта белгилүү бир кадамдар кабыл алынып, негиздүү өзгөртүүлөр башталды», — деп айтты премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 миллиард сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2 пайызга кыскарып, экспорт 7,6 пайызга өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 миллион долларды түзгөн», — деп билдирди ал.

Photo 151329

Өкмөт башчы баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы министрликтердин жана ведомстволордун алдында кеңири милдеттер коюлган.

«2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишмердүүлүгүн башташат. Мындан тышкары быйылкы жылы энергетика тармагындагы жоготуулардын көлөмүн жана башка маанилүү көрсөткүчтөрдү белгилеген эсеп борбору ачылат. Республиканын ар бир районунда ишкерлерди колдоо, аларды финансылык сабаттуулукка жана бизнес-пландарды даярдоого окутуу боюнча адистештирилген борборлордун ачылышы маанилүү деп эсептейм», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18