24.kg
14:02, 14 января 2020, 24.kg

Памирлик кыргыздар дагы 30 үй-бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүүнү суранышат

Ооганстандын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган дагы 30 үй-бүлө аларды Кыргызстанга көчүрүп келүүнү суранышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова билдирди.

Памир кыргыздарынын өкүлдөрү Молдо Абдул Хак жана Памир Абдул Вахид депутат Аида Исмаиловага, өкмөткө кайрылуу жолдоп, өз алдында Кыргызстанга келе албаган 30 үй-бүлөнү дагы мекенине алып келүүнү өтүнгөн.

«Кыргызстанга келип жаткан памирликтер малдарын, мүлкүн сатып, өз каражатын жумшап келип жатышат. Бирок, колунда жок үй-бүлөлөр келе албай жатышат. Алар жоголуп кетпесе экен дейбиз», — деп кайрылууда 30 үй-бүлөнүн тизмеси жазылган.

Photo 151325

Памирлик кыргыздар менен Жогорку Кеңеште жолугушуу өттү. Анда Нарынга жана Алайга жайгашкан этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү талкууланды.

«Бул памир кыргыздарынын маселеси боюнча үчүнчү жолугушуу. Буга чейин социалдык көйгөйлөр, «кайрылман» макамын алуу, паспорт көйгөйлөрүн талкуулаганбыз. Биз кечээ өкмөт өкүлдөрүнүн маалыматын уктук. Азыр Алайга көчүп келген памирликтерге 16 сотыхдан жер берилет экен. Ал эми 30 үй-бүлө боюнча кайрылууну комитетке сунуштайм», — деди Аида Исмаилва.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Памирден 6 үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келген. Быйыл дагы 10 үй-бүлө келип, Алай районуна жайгашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18