24.kg
12:15, 14 января 2020, 24.kg

ИИМ: Болот Темировго кол салган 4 шектүү кармалды

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча 4 шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн милиция 26 жаштагы Д.Б., Б.А., 27 жаштагы Ж.Э. жана 25 жаштагы О.А.ны кармашты. Алардын баары Жалал-Абад облусунун тургундары болуп чыкты.

«Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти ИИМден.

Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен.

Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18