24.kg
11:52, 14 января 2020, 24.kg

Бишкекте № 5 бала бакчанын директоруна каршы митинг өтүүдө

Бишкектин Биринчи май районундагы № 5 балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын ата-энелери мэриянын имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар мектепке чейинки уюмдун жетекчиси Динара Мазымканованы иштен алууну талап кылышууда. 

Ата-энелер балдар бакчасынын администрациясын көптөгөн эреже бузууларга айыпташууда.

«Бишкек мэриясынын комиссиясы фактыларды тастыктаган далилдерди тапты, балдар бакчасында муниципалитет сатып берген 43 азыктын болгону 18и гана бар болуп чыкты. Кампа китепчесинде 1,2 килограмм каймак май эсептен чыгарылган деп жазылып турат, ал эми мекемеге келбейт. Эсептен чыгарылып жатса, бул уурулук», — деди укук коргоочу Анара Дауталиева. 

Ал Бишкек мэринен билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованы иштен алуусун талап кылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18