24.kg
11:15, 14 января 2020, 24.kg

Шопоков көчөсүндөгү унаа токтоочу жайларда мыйзамсыз акча алып жатышат

Бишкектеги Шопоков көчөсүндөгү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унааларды токтотуу акысыз болушу керек, ал жакта мыйзамсыз акча алып жатышат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Бишкек унаа токтотуу жайлары» муниципалдык мекемесинин директору Ислам Момоконов билдирди.

Анын айтымында, келишим боюнча эч ким аталган жайды акылуу болот деп макулдашкан эмес. Башынан эле «Чынар» соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайлар коноктор үчүн деп бөлүнгөн.

Маалыматка ылайык, аталган маселе жакынкы аралыкта жер аянттарын бөлүп берүү боюнча атайын комиссиянын талкуусуна коюлат. Ал эми кайсыл бир ЖЧК (аткаминерлер атын аташкан жок) менен болгон келишимди жокко чыгаруу процедурасы башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18